Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/5
“Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын жана калктын
2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын абалы жөнүндө”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын жана калктын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын абалы жөнүндө Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тиллабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын жана калктын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Элге жана ишкана-мекемелердин жетекчилерине 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдерине көмүр жана отун менен камсыздоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тиллабаевге милдеттендирилсин.
3. Мекеме-ишканаларды көмүр менен камсыздоодо тендерлерди өткөрүп сапаттуу көмүр менен камсыздоо маселеси айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|