Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/6
“Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан жеңилдиктердин абалы жөнүндө”
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан жеңилдиктердин абалы жөнүндө Жоош айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Г.Ормонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан жеңилдиктердин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|