Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/7
“Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Агартуу, Гайрат жана Калинин айылдарынын таза суу төлөмдөрү боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө)”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Агартуу, Гайрат жана Калинин айылдарынын таза суу төлөмдөрү боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө депутат Т.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Агартуу, Гайрат жана Калинин айылдарынын таза суу төлөмдөрү боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындарынын протоколдорунда көрсөтүлгөн төлөм каражаттарын көтөрүү маселеси айылдык кеңештин кийинки сессияларында кароого калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, соода жана ишмердуулук жана социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|