Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/7-1
“Ар түрдүү маселелер (Калинин жана Кызыл-Сарай айылдарынын жаңы чектерге столба жана электр линиясын тартып берүү боюнча элдик жыйындарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө)"
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Калинин жана Кызыл-Сарай айылдарынын жаңы чектерге столба жана электр линиясын тартып берүү боюнча элдик жыйындарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө депутат А.Ормонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин жана Кызыл-Сарай айылдарынын жаңы чектерге столба жана электр линиясын тартып берүү боюнча элдик жыйындарынын протоколдору бекитилсин жана Калинин айылына айылдарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 310,0 миң сом акча каражатына кошумча бюджеттен 206,0 миң сом, Кызыл-Сарай айылына айылдарды өнүктүрүү үчүн каралган акча каражатынан 200,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|