Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/7-3
“Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маданият
айылынын жаштарынын атынан түшкөн арызды кароо жөнүндө)”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маданият айылынын жаштарынын атынан түшкөн арызды кароо жөнүндө депутат М.Алимбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын жаштарынын жазган арыздарынын негизинде Маданият орто мектебинин аймагынан муниципалдык менчиктеги спортзал куруу маселесин кароо кийинки сессияда кароого калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|