Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/7-4
“Ар түрдүү маселелер (Мамажан айылынын тургундары депутат К.Жоробаевдин
жана Зулпукаров Максуттун арыздарын кароо жөнүндө)”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мамажан айылынын тургундары депутат К.Жоробаевдин жана Зулпукаров Максуттун арыздарын кароо жөнүндө депутат М.Алимбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну К.Жоробаевдин 2014-жылдын 10-ноябрында жана 20-ноябрында жазган арыздарын иликтеп чыгуу үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлсүн. Комиссиянын жыйынтыгы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгылсын. Жыйынтыгы арыз ээсине билдирилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну М.Зулпукаровдун арызында көрсөтүлгөн ФПСтин 5,0 га жер аянтына бак-дарак эгүүгө мүмкүн эместиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|