Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/7-5
“Ар түрдүү маселелер (Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
гидрометеорология боюнча агенттигинин катын кароо жөнүндө)”
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча агенттигинин катын кароо жөнүндө депутат М.Алимбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча агенттигинин 2014-жылдын 13-ноябрындагы №04/3482 катында көрсөтүлгөн жер аянты кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянтына тиешелүү болгондуктан менчикке берүүгө мүмкүн эместиги белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|