Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/7-6
“Ар түрдүү маселелер (Кызыл-Кошчу жана Питомник айылдарынын
атуулдарынан келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө)”
Кызыл-Кошчу жана Питомник айылдарынын атуулдарынан келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө депутат М.Алимбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кошчу айылынын атуулдары мечит куруу үчүн жер аянтын сурап жазган арызы боюнча, айылда мурдагы мечиттин айланасына мечит курууга уруксат берилсин.
2. Питомник айылынын тургуну өз каалоосу менен үй куруу үчүн берилген жер участогун мечит курууга бергендиги үчүн ал кишиге экинчи жолу үй куруу үчүн жер аянты берилбей тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|