Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 12/7-7
“Ар түрдүү маселелер (Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик
администрациясынын 17.07.2014-ж. № 752/5 катын кароо жөнүндө)”
Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 17.07.2014-ж. № 752/5 катын кароо жөнүндө Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 17.07.2014-ж. № 752/5 катынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык айылдык аймактарда ичкилик ичкен атуулдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу лицензиясы жок соода түйүндөрүнө спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын жана бул маселе боюнча спирттик ичимдиктерди сатуу боюнча чектөө киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|