Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-январы № 19/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата бюджетинин аткарылышынын абалы жана 2014-жылга карата
бюджеттин болжолдуу долбоорун талкуулоо жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата бюджетинин аткарылышынын абалы жана 2014-жылга карата бюджетинин болжолдуу долбоорун айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдеттин аткаруучу Т.Калмуратовдун жасаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата бюджетинин аткарылышынын абалы боюнча кирешелер бөлүгү 893,0 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар бөлүгү 1073,5 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдеттин аткаруучу Т.Калмуратовдун жасаган отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү 875,0 миң сом жана чыгашалар бөлүгү 875,0 сом болжолдуу долбоору бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кеңешинин социалдык –маданий коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|