Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-январы № 19/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер, турак жай маселери жана муниципалдык менчик, ошондой эле өзгөчө
кырдаалдар боюнча адиси Т.Кулековдун 2013-жылда аткарылган иштери боюнча жана 2014-жылга карата иш пландары жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер,турак жай маселелери жана муниципалдык менчик ошондой эле өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Т.Кулековдун 2013-жылдагы аткарылган иштери боюнча жана 2014-жылга карата иш пландары жөнүндөгү маалыматтынугуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Т.Кулековдун 2013-жылдагы аткарылган иштери боюнча жана 2014-жылга карата иш пландары жөнүндөгү маалыматы айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык деп табылсын жана айтылган сын сунуштардын негизинде атайын иш-чааралардын программасын Пор,Кеңеш айылдарынын башчылары Ж.Маметеминов жана Б.Асилбековдор менен бирдикте так даана иштеп чыгышсын.
2. Алдыдагы аткарыла турган 2014-жылдын иш чараларынын негизинде агрардык секторду конкреттүү түрдө реформалоого, жер ресурстарын эффективдүү пайдаланууга, жаздык, күздүк талаачылык жумуштарын уюшкандыкта өткөрүүгө болгон техникаларды сапаттуу пайдаланууга,кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо жана тоют топтоо өнөктүктөрүндө коромжусуз жыйноого, кайра иштетүү ишканаларын жандандырууга, мал чарбасын өнүктүрүүгө, андан өндүрүлүп алынган азык түлүктөрдүн сапаттын жакшыртууга айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык жеке ишкерлер, дыйкан-фермердик чарбанын жетекчилери жана Пор, Кеңеш айылдарынын башчылары (Ж.Маметеминов, Б.Асилбеков) менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү манидеги тийиштүү мыйзамдарынын негизинде ишке ашырууну айыл өкмөтүнүн жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Т.Кулековго тапшырылсын.
3.Пор, Кеңеш айылдарында кошумча тосуп пайдаланып жаткан жерлерге гектарына 2000 сом өлчөмүндө салык бекитилип келишимдин негизинде өндүрүү жагы Пор, Кеңеш айылынын башчылары Б.Асилбеков, Ж.Маметеминовдор жана жер адиси Т.Кулековдорго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кеңеш айылдык Кеңешинин агрардык, азык- түлүк, жер жана ресустарды, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|