Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-январы № 19/3
Кеңеш айылындагы А.Рысбековго менчиктештирилип
кеткен мурдагы ФАПты кайрадан Кеңеш айыл өкмөтүнүн
балансасына алуу жөнүндө
Кеңеш айылындагы А.Рысбековго менчиктештирилип кеткен мурдагы ФАПты кайра-дан Кеңеш айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө айылдык Кеңештин төрагасы Б.Жусуповдун маалыматтын угуп жана талкуулап ФАПтын имараты айыл өкмөтүнүн муниципалдык инвентарынын реестринде тургандыгын аныктап депутаттардын Кеңеш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдагы ФАПтын жер участогун тактап Кара-Кулжа райондук мамлекеттик жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укукттарды каттоо башкармалыгынан 30 күн мөөнөтүндө мыйзам чегинде тактап атайын билдирүү жасоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Кулековго милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн бпшчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби , Кенештердин иштери, депутаттык этика , коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|