Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-январы № 19/4
“Кыргыз Республикасынын Ченемдик укукттук актылары жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мйзамынын 4-8-беренесине ылайык Кеңеш айылдык Кеңешинин депутаттарынын төртүнчү сессиясында экинчи маселесинде жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кеңеш, Пор айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйынынын протоколдорунда көрсөтүлгөн 2014-жылга жайыт пайдалануучулардын мал жандыктары үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндөгү токтомун угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү сунуш-тары бекитилсин.
2. 2014-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү.
-Ири мүйүздүү 1 баш үчүн 100 сом
-Кой –эчкилери 1 баш үчүн 20 сом
-Жылкылар 1 баш үчүн 100 сом.
Сырттан малын кошуп алгандар үчүн
-Ири мүйүздүү 1 баш үчүн 200 сом
-Кой –эчкилери 1 баш үчүн 40 сом
-Жылкылар 1 баш үчүн 200 сом.
Эгерде сырттан келген мал жандыктар жайыт комитети менен келишим түзбөй уруксат жок болсо бир баш жандык 40 сом, бодо мал жана жылкыга 200 сомдон айып салынсын.
3. Кеңеш айыл өкмөтү пайдалануу үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айлык маянасы 4000 сом, эсепчисине 3000 сом жана инспекторлорго 3000 сом эмгек акы белгиленсин.
5. Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жеринин аянты 2323 га пайдаланууга берилип, 1 га жер аянтынын салыгы 5 сом 30 тыйындан бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин агрардык , азык –тулук ,жер жана ресурстарды,жаратылышты коргоо бонча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|