Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 20/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарда жашылдандыруу, көрктөндүрүүнүн жана жазгы талаачылык иштеринде айдап, себүүнүн абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарда жашылдандыруу, көрктөндүрүүнүн жана жазгы талаачылык иштеринде айдап, себүүнүн жүрүшү боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адиси Т.Кулековдун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарда жашылдандыруу, көрктөндүрүүнүн жана жазгы талаачылык иштеринде айдап, себүүнүн жүрүшү боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адиси Т.Кулековдун жасаган билдирүүсү айрым кемчилдиктерге жол бергендиги менен көңүлгө алынсын.
2.Калктуу конуштарда жашылдандыруу, көрктөндүрүүдө жана көчөлөрдү иретке келтирүүдө ( арык тазалоо, штакетниктерди түзөө жана үу, бак-дарактарды актап, сырдоо иштери ) калк арасында эки айлык жарыялоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жетишсиз экендиги белгиленип жана айдап, себүүдө дыйкан-фермерлер менен жана жеке субьекти-лер арасында керектүү үрөн, күйүүчү майларды, жер семирткичтерди жана айыл чарба техникалары менен камсыз кылууда Пор, Кеңеш айылынын айыл башчылары ( Ж.Маметеминов, Б.Асилбековдор ) элге кызмат көрсөтүүнү жандандырышсын.
3.Айыл чарба өсүмдүктөрүн коромжусузоруп жыйууну кыск5а мөөнөттө сапаттуу бүрүрүү үчүн дыйкан, фермерлер жана жеке субьектилер менен жакындан түшүндүрүп аларды айыл чарба техникалар менен камсыздап, иш алып бару жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Кулековго жана Пор, Кеңеш айылынын башчылары Ж.Маметеминов, Б.Асилбековдорго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин агрардык , азык –тулук ,жер жана ресурстарды,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|