Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-апрели № 20/3
Айыл өкмөтүнүнн аймагындагы элдин үлүшүндөгү эгин жана чөп
чабынды жер аянттарын тартипке келтирүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин үлүшүндөгү эгин жана чөп чабындыдагы жер аянттарын корукка алуу үчүн , ал аянттарга корукчу дайындоо жана зыян келтирген жылкы, кара малга жана майда жандыктарга жазана колдонуу максатындагы өткөн Кенеш ,Пор айылдарынын 03.04.2014-жылдагы жалпы элдик жыйынынын № 2- протоколун негиз кылып депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин үлүшүндөгү эгин жана чөп чабынды жер анттарын корукка алуу максатында төмөндөгү атуулдар корукчу болуп бекитилсин:
Кенеш айылы боюнча : Жогорку ,Ылдыйкы –Талаадан Ак-Терек ,Төөчүгө чейин.
1.Мааткасымов Абдылда
2.Сарыкеев Амангелди.
3.Жаанбаев Орозбай
4.Турганбаев Турдумамат.
5.Рыскулов Кочкорбай.
6.Салиев Сүйүнбек
7.Сали. «Ак-Терек» айылы
8.Капаров Маматали.
Пор айылы бонча: Ортолук ,Пор,Арал ,Торгойго чейин.
1.Чыйбылов Муктар.
2.Капаров Азамат.
3.Пусурманкулов Тагайбек.
4.Эшполотов Алай бек.
5.Мусаев Абдыманап.
6.Апиев Камчыбек.
7.Чымынов Шермамат.
8.Акматалиев Шермамат.
2.Элдин үлүшүндөгү эгин жана чөп чабынды жер аянттына түшүп зыян келтирген ар бир жандыктардын ээсинен төмөндөгүдөй акчалай жазана алынсын :
-эгин аянттарына түшкөн жылкы жана кара малдар үчүн башына 200 сомдон жана майда жандыктар үчүн башына 50 сомдон.
- Чөп чабынды жер аянттарына түшкөн жылкы ,кара малдар үчүн башына 100 сомдон жана майда жандыктар үчүнн башына 20 сомдон белгиленсин.
2.Бекитилген корукчулар эл тарабынан айтылган төмөндөгү эрежелердин негизинде иш алып барышсын:
- кезүү жана пададагы малдар жайытка барып, кайткан мезгилдеринде кошо болуу жагы:
- коруктагы жер аянтына түшкөн малды кеминде көргөн 2 киши менен акт түзүлсүн:
- зыян келтирген малдардан жазана белгиленген өлчөмдө гана алуу милдеттенишсин.
3. Кароолдордун эмгек акысы үлүштүн ээлери менен келишимдик негизде жана кармалган жандыктан алынган жазана акча каражатынын эсебинен каржылансын.
4.Кароолдордун укук, милдеттери эл тарабынан корголсун жана талап кылынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын Пор ,Кенеш айылынын башчылары Ж.Маметеминов, Б.Асилбеков жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Кулековго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|