Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-апрели № 20/4
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетине жана атайын төлөм каражатына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Кеңеш» балдар бакчасына ата-энелердин эсебинен төлөм каражаты топтолгондугуна байланыштуу атайын төлөм каражатына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 89 900 сом өлчөмүндө киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. Балдар бакчасындагы балдарга бир ирет чашка тамак берүү үчүн ата-энелерден топтолгон каражаттын эсебинен атайын төлөм каражатына 89 900 сом өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (тиркеме тиркелет) .
3. Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-эконо-мика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Калмуратовго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин бюджет,социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иши боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|