Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-апрели № 21/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында атуулдарга таштандыларды таштоону белгиленген жайга таштабай тартип бузуучулукка барган атуулдарга жазана акча каражатын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү” мыйзамынын 42-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз адынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 20-статьясынын 13-бөлүмүн негиз кылып депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин аймагындагы атуулдарга таштандыларды таштоону белгиленген жайга таштабай, тартип бузуучулукка барган атуулдарга төмөн-дөгүдөй тартипте белгиленсин.
-биринчи ирет таштандыларга 1000 сом акчалай өлчөмүндө жазана:
-экинчи ирет кайталап таштанды таштагандарга акт түзүп,сүрөткө тартуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясына билдирүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жазалансын.
2. Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин аймагындагы жашоочуларынын бардыгына таштандыларды белгиленген жайга таштоону уюштуруп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү-нү жана бул жөнүндө түшүндүрүлгөн маселени эске албаган атуулдарга жогорудагы белгиленген тартип менен алып барууну айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Кулековго жана Пор, Кеңеш айылдарынын башчылары Ж.Маметеминов , Б.Асилбековдорго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин агрардык , азык –түлук ,жер жана ресурстарды,жаратылышты коргоо бонча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|