Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-апрели №94
Кыргызстан айыл округунун жашоочуларынын жол маселесиндеги нааразычылыгын эске алуу менен айыл арасындагы жолдорду ондоо максатында жана 2011-ж. 2.02.№48 ЖЭИ башчысынын № 17 чыгыш катынын негизинде
Кыргызстан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл округунда жайгашкан жолдорду ондоо түздөө максатында Кичи–Капка кыркасынын боорунан карьер ачуу үчүн 0,50 га жер болунуп 10 жылдык мөөнөт менен берилсин.
2. ЖЭИ №48 башкармалыгына карьерди иштетүүгө рекультивация иштерин жүргүзүү нормаларды, коопсуздук эрежелерин сактоо, тийиштүү мекемелерден уруксат алып каттоо жагы милдеттендирилип, каттоо чыгымдары жүктөлсүн.
3. ЖЭИ №48 башкармалыгы менен түзүлгөн келишимге Талас айылындагы жайгашкан көчөлөргө ар жыл сайын бирден көчөгө 1 км аралыктагы кум-шагал түшүрүү менен ремонт иштерин жүргүзүү талабы киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айыл округ башчысынын орун басары Т.Атучиевге милдеттендирилсин.
Кыргызстан айылдык кеӊешинин төрайымы |
Ч. Абдрахманова |