Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-марты № 6-15-6
“Жерге-Тал айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштагы депутаты Дөөлөталиев
Каныбектин депутаттык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жерге-Тал айылдык кеңешинин 6-чакырылыштагы депутаты Дөөлөталиев Каныбектин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жазган арызын карап жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазган арызынын негизинде Дөөлөталиев Каныбектин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кезекте турган талапкерди Жерге-Тал шайлоо округунан көрсөтүп берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|