Редакцияот 20.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы

 

2015-жылдын 20-апрели № 6-19-1

“Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын эки эссе көтөрүү жөнүндө”

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 8.04.2015-жылдагы №09-3-6/4848 Көрсөтмөсүнүн негизинде жер салыгынын ставкаларын үч эсеге чейин жогорулатуу сунушун угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн 2016-жылдын 01-январынан баштап жер салыгынын ставкасы эки эсеге жогорулатылсын.

2. Жер салыктары төмөнкүдөй болуп кабыл алынсын:

-там арка жер салыгы-1(бир) сотукка 10(он) сом;

-айыл чарба багытындагы жерсалыгы 1га га-125,96 сом;

-мүлксалыгы 1,2.3 группа боюнча;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын  орун басары Жумабаев Эрланга жанажер,айыл чарба,агрардыкжана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Жерге-Тал айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Муратбеков