Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 9-июлу № 18/90
Кош-Дөбө айыл аймагынын Жайыт Кеңешинин көчүп конуунун графигин сактоо, жайыт салыгын убагында төлөө каражаттарды туура пайдалануу боюнча Жайыт Кеңешинин төрагасы Т.Сыдыкбековдун отчетун угуу
Кош-Дөбө айыл аймагынын Жайыт Кеңешинин көчүп конуунун графигин сактоо,жайыт салыгын убагында төлөө каражаттарды туура пайдалануу боюнча Жайыт Кеңешинин төрагасы Т.Сыдыкбековдун отчетун угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга карата аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ар бир чабан менен атайын түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
3. Сырттан келген малдын так эсебин алып жайыт налогун өндүрүү жагы иштелген иштер боюнча эки ай ичинде жыйынтык чыгарылсын. Кошумча иштерин жүргүзүүгө кошумча акча 20 миң сом бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |