Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 9-июлу № 18/92
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн 16.06.2015-жылдардагы №01-08/214 предписаниеси жөнүндө
Айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы жана бюджет салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Деркенбаев Майрамбек жана Кош-Дөбө айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Капаров Сабатардын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн 16.06.2015-жылдагы №01-08-214 Предписаниеси жөнүндө жана аталган текшерүү органы тарабынан Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча 01.01.2013-жылдан 31.12.2014-жылга чейинки мезгилдерине аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгын угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда салыктын бардык түрлөрү боюнча ай сайын анализ жасоо, аткарылышына көзөмөл жүргүзүп, жыйынтыгын өкмөттүн заседаниесинде талкуулап турууну жана салык төлөөчүлөр арасында салык мыйзамдарынын так сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну камсыз кылуу ФЭБнүн башчысы С.Капаровго жана тиешелүү адистерге тапшырылсын.
2. Айыл чарба багытында эмес жерлерге кашар, короо жай, там салышкан жарандарга 2013-2014-жылдары үчүн эсептелинген 26,7 миң сомдук жер салыктарын тиешелүү салык төлөөчүлөрдөн өндүрүүнү камсыз кылуу, жыйынтыгын 1-август 2015-жылга чейин жазуу жүзүндө билдирүү жана 2015-жыл үчүн эсептелинген 13,7 миң сомго Кочкор райондук салык башкармалыгына маалымат расчетторун тапшыруу, эсептелинген салыкты өндүрүү салык инспектору Н.Узбековага милдеттендирилсин, 9-июль 2015-жылга бул салыктардын 20600 сому өндүрүлүп банкка төгүлгөндүгү эске алынсын.
3. Бухгалтериялык учет отчет иштерин жакшыртуу, материалга жооптуу адамдардан өз учурунда отчетторун алуу, жыйынтыгын чыгарып туруу жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |