Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 9-июлу № 18/93
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлугү жашагандышына байланыштуу “ Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө “ Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кош-Дөбо айыл аймактык Кеңеши токтом кылат ;
1. Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , “www.kochkor.kg ” веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук Юститиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |