Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 9-июлу № 18/94
Кара-Күңгөй, Кара-Саз ИСКАКБларынын жүргүзүп жаткан иштери тууралу отчету
Кош-Дөбө айыл аймагындагы “Түз Булак Чон Суу”, ”Үкөк Суусу” ИСКАКБларынын башчылары Ч.Мурсабаева, Р.Акунованын маалыматын жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин Социалдык маселелер, электр энергия, билим берүу жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айталиев Бактыбектин маалыматы эске алынсын.
“Түз Булак Чон Суу” башчысы Ч.Мурсабаеванын иши канааттандыраарлык деп табылсын.
3. “Үкөк Суусу” ИСКАКБнын башчысы Ы.Мамырбаев жок болгондуктан кийинки сессияга калтырылсын.
4. Суу башаттары толук көзөмөлгө алуу жагы “Түз Булак Чон Суу”, ”Үкөк Суусу” ИСКАКБларынын башчылары Ч.Мурсабаева,Ы.Мамырбаевдерге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абыкеевге тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |