Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 99
Жалил Токторбаев атындагы Куршаб жалпы профилактикалык борборунун 2014-жыл ичинде айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Жалил Токторбаев атындагы Куршаб жалпы профилактикалык борборунун 2014-жыл ичинде айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган ) кезектеги ХVIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалил Токторбаев атындагы Куршаб жалпы профилактикалык борборунун 2014-жыл ичинде айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ден соолугуна байланыштуу кайрылган жарандарды кабыл алууда мыйзам ченемдүү иш алып баруу менен жарандарды сапаттуу тейлөөнү жүргүзүү жана көзөмөлдөө жана сырттагы (борбордон алыс жайгашкан) ФАПтарды таза, оң абалда кармоо жагы Жалил Токторбаев атындагы Куршаб жалпы дарыгерлик профилактикалык борборунун жетекчиси Г.Токторбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо.социалдык маселелер (тил,каада салт,дин) боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т.Х. Ахунов |