Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 100
Кыргыз почтасынын Өзгөн районундагы Куршаб филиалынын 2014-жыл ичинде
айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз почтасынын Өзгөн районундагы Куршаб филиалынын 2014-жыл ичинде айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХVIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз почтасынын Өзгөн районундагы Куршаб филиалынын 2014-жыл ичинде аткарып жаткан кээ бир кемчилдиктерди эске алуу менен иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Элдерге пенсия,пособияны кечиктирбестен өз убагында үй-үйүнө жеткирип берүүнү уюштуруу жана имаратын таза кармоо, пенсионерлерге, кызматкерлерине шарт түзүү, гезит-журналдарды мажбурлап таркатууну токтотуу Өзгөн районунун Куршаб айылдык почтасынын жетекчиси Ж.Жолборсовко милдеттендирилсин.
3. 2015-жылдын 20-январына чейин токтомдо көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюп, кийинки отурумда аткарылган иштер боюнча Өзгөн районунун Куршаб айылдык почтасынын жетекчиси Ж.Жолборсовко маалымат берүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо.социалдык маселелер (тил, каада салт, дин) боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т.Х. Ахунов |