Загрузка документа…
2014-жылдын 19-декабры № 101
«Куршаб таза суу» ИСКАКБ ишканасынын калкты таза суу менен камсыздоо боюнча 2014-жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
«Куршаб таза суу» ИСКАКБ ишканасынын калкты таза суу менен камсыздоодо 2014-жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган ) кезектеги ХVIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөт аймагында элди таза суу менен камсыздоо үчүн жүргүзүп жаткан иштери белгиленсин.
2. Отурумдагы депутаттардан түшкөн сунушту эске алуу менен кудук жамааттарын түзүү боюнча мурдагы токтомдорун аткарууга алуу, № 3 айылдын Кара Саадак, М.Орозбаев көчөлөр кесилишиндеги суу түтүкчөсүн оң абалга келтирип, кийинки отурумга маалымат берүү жагы Куршаб таза ИСКАКБ ишканасына (Т.Эшенкулов ) милдеттендирилсин.
3. Таза суу төлөмдөрдүн өндүрүлүшү начар болгондугуна байланыштуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен «Куршаб таза суу» ИСКАКБга көмөктөшүп иш алып барууну уюштуруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Калбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык кызмат жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т.Х. Ахунов |