Загрузка документа…
2014-жылдын 19-декабры № 103
Кыргыз телекомунун Өзгөн районундагы Куршаб бөлүмчөсүнүн 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз телекомунун Өзгөн районундагы Куршаб бөлүмчөсүнүн 2014-жылдын аткарган иштери жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХVIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз телекомунун Өзгөн районундагы Куршаб бөлүмчөсүнүн 2014-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Калкка кызмат көрсөтүүдө элди сапаттуу тейлеп, жарандардын байланыш муктаждыктарын өз убагында аткаруу, отурукташкан ишкананын айлана-чөйрөсүн таза кармоо (актап,сырдап) жашылдандыруу боюнча Өзгөн телекомунун жетекчисине билдирүү жагы Куршаб телеком бөлүмчөсүнүн башчысы Б.Карамырзаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин электрэнергия, байланыш, таза суу, коммуналдык кызмат жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т.Х. Ахунов |