Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 17-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн счетундагы калган калдыкты иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кеңешинин “экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерине жана чыгашаларына 1743,0 миң сомго, атайын эсептик счетундагы 86,0 миң сомго бардыгы болуп 1829,0 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2. 2015-жылга айыл өкмөттүн бюджеттинде 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
Бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү жыл башында бекитилген суммага, 2015-жылдын 1-январына карата эсептик счетунда жана атайын эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылоо айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Токоевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |