Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 17-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына карата
атайын эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн счетундагы калган калдыкты иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кеңешинин “экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерине жана чыгашаларына 86,0 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2. 2015-жылга айыл өкмөттүн бюджеттинде 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айыл өкмөтүнүн бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2015-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы А.Токоевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |