Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 17-8
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы спорт комплексти жана Кыргыз-Ата
маданият үйүн юстициядан каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы спорт комплексти жана Кыргыз-Ата маданият үйүн каттоодон өткөрүү жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда талкуулап жана депутаттардын сессиясында карап чыгып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан спорт комплекси жана Кыргыз-Ата
маданият үйү юстициядан каттоодон өткөрүлсүн.
2. Спорт комплексти жана Кыргыз-Ата маданият үйүн каттоодон өткөрүү айыл
өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин экономика,бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |