Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 17-9
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылындагы жаңыдан ачылган көчөгө ат коюу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Борко айылындагы жаңыдан ачылган көчөгө ат коюу жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда талкуулап жана депутаттардын сессиясында карап чыгып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Борко айылында жаңыдан ачылган көчөгө Борко айылынын тургуну Бектанов Нышанбайдын аты коюулсун.
2. “Бектанов Нышанбай” атындагы көчөнү каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коминикация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |