КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарынын 18 сессиясы
2015-жылдын 4-апрели № 18-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча туруктуу комиссияда талкуулап жана депутаттардын сессиясында угуп Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү
боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жыл ичиндеги аткарган иштери жактырылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагында 2014-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө мекеме-ишканалар, чарбалык субьектилер жана айыл өкмөтүнүн адистери тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы менен катар айыл аймагында айыл-чарба, өнөр-жай өндүрүшүн жогорулатууда, салыктардын кээ бир төлөмдөрүнөн айрым кемчилдиктерге жол берилгендиги белгиленсин.
3. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак жана Кыргыз-Ата айылдарында жайгашкан “Сөгөт” каналынын оңдоо иштеринде, жолдорго шагал төгүүдө кетирилген кемчилдиктерди жоюуга айыл өкмөтүнө бир айлык мөөнөт берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика,бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |