КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарынын 18 сессиясы
2015-жылдын 4-апрели № 18-2
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, айылдын көчөлөрүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишембиликтерди өткөрүү жөнүндө
Айыл аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, айылдардын көчөлөрүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишембиликтерди өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Асановдун жана талкууга катышкан депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, айылдардын көчөлөрүн, арыктарын тазалоо жана ишембиликтерди өткөрүү боюнча айыл аймагынын айыл башчыларынын, мекеме-ишканалардын жана мектептердин жетекчилеринин жүргүзүп жаткан иштери белгиленсин.
2. Айыл аймагынын айыл бащчыларына , дыйкан жана фермер чарба жетекчилерине жазгы талаа иштерин аткарууда айыл өкмөтүнүн жер адистери менен тыгыз байланышта болуп, талаачылыкта аткарылып жаткан иштерде агротехникалык алдыңкы ыкмаларды пайдалануу менен алгылыктуу иштерди алып баруу жана жазгы-талаа иштерин өз убагында аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. №10, 23 /БДТдын жетекчилери, мектеп директорлору, № 54–КЛ директору, коомдук уюмдар жана айыл башчылар мындан ары мекеме-ишканалардын айланасын жана айылдардын көчөлөрүн көрктөндүрүүдө, арыктарын тазалоодо жана ишембиликтерди өткөрүүдө айыл өкмөтү тарабнан түзүлгөн графикке негизденип жүргүзүп жаткан иштерин күчөтүшсүн.
4. Айыл аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүнүн 3 айлык жыйынтыгы айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылдын июнь айында берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |