КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарынын 18 сессиясы
2015-жылдын 4-апрели № 18-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун 2014-жыл ичинде аткарган иштери, 2015-жылдагы иш-планын жана регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун 2014-жыл ичинде аткарган иштери, 2015-жылдын иш планы жана регламенти боюнча отчетун туруктуу комиссияда карап, айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун 2014-жыл ичинде аткарган иштери белгиленсин жана 2015-жылдагы иш-планы, регламенти бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө, айыл аймагындагы айыл башчыларга, мекеме-ишкананын жетекчилерине, ардагерлер жана аялдар кеңешине, жаштар уюмуна, аймактык тескөөчүлөргө аксакалдар соту тарабынан каралып жаткан кээ бир көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жакындан жардам берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |