Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 18-4
Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Көтөрмө айылындагы жаңыдан ачылган көчөгө ат коюу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Көтөрмө айылындагы жаңыдан ачылган көчөгө ат коюу жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда карап, Көтөрмө айылындагы жаңыдан ачылган көчөгө ат коюу жөнүндөгү Көтөрмө айылынын тургундарынын 2015-жылдын 21-мартындагы чогулушун № 2-протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Көтөрмө айылындагы жаңыдан ачылган көчөгө ат коюу жөнүндөгү Көтөрмө айылынын тургундарынын 2015-жылдын 21-мартындагы чогулушунун № 2-протоколу бекитилсин.
2. Парманов Акпаралинин үйүнөн Маматкеримов Абдыкалыктын үйүнө чейинки көчө “Козубаев Калык Ажы” атындагы көчө болуп аталсын.
3. Ат коюу боюнча тиешелүү документтерди бүткөрүп берүү жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |