Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 18-5
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы А.Парпиев атындагы мектеп- гимназиясына тиешелүү бош жер аянтына жаңыдан мектеп имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы А.Парпиев атындагы мектеп- гимназиясына тиешелүү бош жерине жаңыдан мектеп имаратын курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда карап, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы А.Парпиев атындагы мектеп- гимназиясына караштуу бош турган жер аянтына жаңыдан мектеп имаратын курууга макулдук берилсин.
2. Жер участогун ажыратып берүү жана мектеп имаратынын курулушун курууга керектүү иш кагаздарын бүткөрүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |