Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 18-6
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы К.Каримов атындагы орто мектебине тиешелүү
бош жер аянтына жаңыдан мектеп имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы К.Каримов атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтына жаңыдан мектеп имаратын курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда карап, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы К.Каримов атындагы орто мектебине караштуу бош турган жер аянтына жаңыдан мектеп имаратын курууга макулдук берилсин.
2. Жер участогун ажыратып тактоо жана мектеп имаратын курууга керектүү иш кагаздарын бүткөрүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |