Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 18-7
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө-Ак-Булак жолундагы көпүрөнү кайрадан куруу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө-Ак-Булак жолундагы көпүрөнү кайрадан куруу жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда карап, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө-Ак-Булак жолундагы көпүрөнү кайрадан курууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө-Ак-Булак жолундагы көпүрөнү кайрадан куруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |