Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 18-12
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо vip-kfw-3-этап (ПСИ -3)долбоору”тарабынан түзүлгөн көйгөйлөрдү тандап алуу жөнүндөгү конкурсттук комиссиянын курамынын 2015- жылдын 3-апрелиндеги № 2 чечимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо vip-kfw-3-этап(ПСИ -3)көйгөйлүү долбоору” тарабынан түзүлгөн көйгөйлөрдү тандап алуу жөнүндөгү конкурсттук комиссиянын курамынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 2 чечимин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы көйгөйлөрдү тандап алуу боюнча конкурсттук комиссиясынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №2-чечими менен артыкчылыктуу деп тандалып алынган көйгөйлөрдүн ичинен Көтөрмө-Ак-Булак-Кыргыз-Ата жолун асфальттоо көйгөйү артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Артыкчылыктуу деп табылган көйгөйдү АРИС аркылуу каржылоо иш кагаздарына көмөк көрсөтүү жана даярдап өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |