Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-августу № 14-9
“Мераж-нуру” балдар бакчасына балдар ойноочу аянтчага жер аянтчасын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы “Мераж-Нуру” балдар бакчасына балдр ойноочу аянтчасына жер ажыратып берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусун туруктуу комиссияда карап жана айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууга алып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы “Мераж-Нуру” балдар бакчасына балдар ойноочу жер аянтчасы айылдык кеңешинин жер боюнча комиссиясынын корутундусуна негиз убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Балдар ойноочу жер аянтчага тиешелүү документация иштерин бүткөрүп берүү жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |