Загрузка документа…
2014-жылдын 19-декабры № 102
Калктын, мекеме-уюмдардын менчик түрүнө карабастан ишканалардын пайдаланган электр энергиясынын төлөмдөрдүн өндүрүүсү жана 2014-2015-жылдагы күз жана кыш мезгилдерине даярдыгы жөнүндө
Калктын, мекеме-уюмдардын менчик түрүнө карабастан ишканалардын пайдаланган электр энергиясынын төлөмдөрдүн өндүрүүсү жана 2014-2015-жылдагы күз жана кыш мезгилдерине даярдыгы жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХVIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын, мекеме-уюмдардын менчик түрүнө карабастан ишканалардын пайдаланган электр энергиясынын төлөмдөрдүн өндүрүүсү жана 2014-2015-жылдагы күз жана кыш мезгилдерине даярдыгы кээ бир кемчиликтери менен аткарган иши канаатандырарлык деп табылсын.
2. Отурумдагы депутаттардын сунушу менен ишкананын айланасын таза кармоо (актап, сырдап) жашылдандыруу Өзгөн РЭТтин Куршаб бөлүмчөсүнүн башчысы Э.Абдурасуловко жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Гулам», Манас, УПД, Гараж участкаларындагы трансформаторлордун жүгүн (абоненттердин саны) жеңилдетип кошумча трансформатор орнотуп берүүнү Өзгөн РЭТтин башчысынан суралсын, Куршаб бөлүмүнүн башчысы Э.Абдурасуловко милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык кызмат жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т.Х. Ахунов |