Редакцияот 19.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2013-жылдын 19-февралы № 11

Жекенди айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин жана атайын

каражаттарынын аткарылышын жана 2013-жылга планын бекитүү жөнүндө

 

Жекенди айылдык Кеңешинин жана айылдык округунун 2012-жылдын жергиликтүү бюджеттин аткарылышын жана 2013-жылга айылдык округунун бюджетинин болжолдогон планын талкуулап Жекенди айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттарынын аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Жекенди айылдык округунун долбоорлонгон 2013-жылга бюджеттин планы Жекенди айылдык округунун киреше бөлүмү 51084 миң сом жана чыгаша бөлүмү 50706 миң сом менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3. Жекенди айылдык округунун 2013-жылга долбоорлонгон бюджеттик планын бекитип берүү жагы Чоң-Алай райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Б.Нышанбаевге ташырылсын.

 

Жекенди айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

И.Султанов