Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талды-суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 17-февралындагы № 18/6
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн административдик имараттын куруу жөнүндө
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн административдик имараттын куруу үчүн 0,25га жер бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү, мыйзам чегинде аткаруу жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Кадыровго жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасы | Б. Абдраманов. |