Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талды-суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 22-майы № 21/3
Жайыт акынын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын билдирүүсүн угуп талкуулап
Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу өкмөтүнүн тургундарынын жайыт акы төлөмдөрү мурдагыдай эле Бодо малга (КРС) бир башка 60 сом, майда жандыкка (МРС0 бир башка 12,60 сом болуп калтырылсын.
2. Башка айыл өкмөттөрдөн (сырттан) келген малдарга жайыт акы төлөмдөрү бодо малга (КРС, жылкыга) бир башка 200 сом, майда жандыкка (МРС) бир башка 40 сом болуп байлансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана ЖПБнин төрагасына милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасы | Б. Абдраманов. |