Редакцияот 23.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш кезектеги VII сессия

 

2013 жылдын 23 майы №1

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын протести жөнүндө

Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын шаардык кеңештин 19.04.2013-жылдагы кезектеги VI-сессиясынын №1 токтому боюнча 16.05.2013-жылдагы №11/1-673-13-протестинин негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык кеңештин 19.04.2013-жылдагы кезектеги VI-сессиясынын №1 токтому жокко чыгарылсын.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Тагаев