Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-апрели № 36/5
Кадамжай шаардык кеңешинин 2015-жылдын 25-сентябрында кабыл
алынган № 27/3 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кадамжай шаардык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз-алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 15-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Каражантак участкасындагы трансформацияланган жерлер 2015 жылдан 7 апрелинен баштап жеке турак жай салуу үчүн шаардын тургундарына 0,12 ганын ордуна 0,8 га болуп өзгөртүлүп генпландын негизинде бөлүп берүү жагы Кадамжай шаардык мэриясына жүктөлсүн.
2. Орозбеков айыл өкмөтү тарабынан 2012 жылдын 27 сентябрынан, Каджамжай шаары түптөлгөндөн кийин турак жай куруу үчүн чыгарылган токтомдорду териштирүү жана мыйзамдуулук жагын карап чыгуу шаардык кеңештин жер, куурулуш жана транспорт, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
3. Жер тилкелерин генпландын негизинде бөлүп берүү жагы Кадамжай шаардык мэриясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Бегалиев |