КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели № 30/105
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2015–жылга карата
иш планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги шаардык кеңештин 2015–жылга карата иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, иш пландын долбооруна шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, иш планды талкуулоодо шаардык кеңештин депутаттары жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары тарабынан берилген сунуштарды эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна жана шаардык кеңештин Регламентине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2015–жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (2015–жылга иш план тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2015–жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
|
№
|
Каралуучу маселелер
|
Мөөнөтү |
Ким аткарат
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Кызыл – Кыя шаардык кеңешинин сессияларында каралуучу маселелер
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1).Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылгандыгын бекитүү жөнүндө. 2).Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылгандыгынын абалын талкулоо жөнүндө. |
Февраль айы
| Бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1).Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө. 2).Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө: – 6 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет – 9 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет – –12 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет– |
Февраль айы
июль айы, октябрь айы, 2016–жылдын февраль айы | Бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1).Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн 2014–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевдин отчету жөнүндө.
2).Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевдин 2015–жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчету. |
Март айы
Июль айы | Кызыл–Кыя шаарынын мэри.
Кызыл–Кыя шаарынын мэри. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1).Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча департаментинин 2014–жылы жүргүзгөн иштери тууралуу маалыматы жөнүндө.
2).Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча департаментинин муниципалдык менчиктеги обьектилерди 2015–2016–жылдардын күз–кыш мезгилине даярдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | Апрель айы
Июль айы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1).Кызыл–Кыя шаары боюнча жер тилкелерине ижара акысын эсептөө методикасы жана жер участкаларынын зоналарда жайгашкандыгына жараша түзөтүү К4–коэфициентин жөнүндө.
2).Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын, б.а. аткаруу бийлигинин шаардык кенештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын угуу жөнүндө. | Апрель айы
Июль айы | Бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы.
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1).Кызыл–Кыя шаардык кеңешинде (V чакырылышы) 2014–жылда жүргүзүлгөн иштер жөнүндө шаардык кеңештин төрагасы А. Маткалыковдун отчету тууралуу.
2).Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессияларында 2015–жылдын I жана II жарым жылдыгында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө. | Май айы
Июль айы,
Декабрь айы | Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыков | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1).Кызыл–Кыя шаардык ИИБнүн диний экстремизимдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча алып барып жаткан иштери жөнүндө. 3). Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол Кайгуул Кызматынын (ЖКК) бөлүмчөсүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. 4). Жараандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЖААК) 2014–жылда жана 2015–жылдын 3–кварталына чейин аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө.
5).Кызыл–Кыя шаарынын шаардык аялдар кенешинин 2014 жана 2015–жылдын 4–кварталына чейин жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
6).Кызыл–Кыя шаардык кенешинен, шаардын мэриясынан чыккан буйруктарынын жана токтомдорунун мыйзамдуулугун кароо жөнүндө. 7). Баткен областынын Кызыл–Кыя шаардык мамлекеттик архивинин 2015–жылда аткарган иштери жөнүндө. | Май айы
Июнь айы
Июнь айы
Октябрь айы
Ноябрь айы
Декабрь айы | Укук коргоо,мыйзамдуу лук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1).Кызыл–Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгынын башчысы А.Зулпуевдин 2014–жылда Жин–Жиген, Ак–Булак, Караван айылдарында аткарылган жумуштары тууралуу отчету. 2).Жайыт комитетинин төрагасы А.Маматовдун фермерлерди жайыт менен камсыз кылуу, жайытка баруучу жолдорду оңдоп калыбына келтирүү жана жалпы эле жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштери тууралуу маалыматы.
3).Калкты таза ичуучу суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча шаардык “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
4).Кызыл–Кыя РЭТинин шаар калкын, өнөр–жай жана социалдык обьектерди электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу, 2015–2016–жылдардын күз–кыш мезгилине даярдоо жана техникалык, комерциялык жоготууларды, дебитордук карыздарды азайтуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
5).Кызыл–Кыя шаарынын борбордук буу казаны ишканасынын шаар калкын жана социалдык обьектилерди жылуулук энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу, ишкананы 2015–2016–жылдардын күз–кыш мезгилине даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө. | Май айы
Июнь айы
Август айы
Август айы
| Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| Кызыл–Кыя шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн 2014–жылда жумушсуздарды жумушка орноштуруу менен жумушсуздардын санын кыскартуу, аларды өндүрүшкө зарыл болгон кесиптерге кайра даярдоо, жумушсуздарга кичи кредиттерди берүү боюнча 2014–жылда аткарган жана 2015–жылдын 1–кварталына аткарып келе жаткан иштери жөнүндө. | Июнь айы | Экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1).Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 6 айлык отчетун угуу жөнүндө.
2).Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга мекеме– ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык К3–коэффициенти жөнүндө. | Июль айы
Сентябрь айы | Бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| Кызыл–Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014–жылда социалдык пенсия жана социалдык пособие алуучуларга пенсия, пособиелерин өз убагында берүүнү камсыз кылуу, шаардагы калктын аямалуу катмарларын аныктоо, аларга социалдык паспортторду толтуруу боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө. | Июль айы | Экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2014–2015–окуу жылынын жыйынтыгы жана билим берүүнүн деңгээлин, сапатын жогорулатуу боюнча алып барган иштери, 2015–2016–окуу жылына карата даярдыктары жана бала–бакчалардын мектеп жашына чейинки балдарды бакчага кабыл алуудагы ишмердүүлүгү жөнүндө. | Август айы | Саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||