Редакцияот 10.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

 

2015-жылдын 10-июну № 14/3

Көк-Жар  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Көк-Жар  айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Кочкор  веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүң башчысы Ж. С. Сабыржановко жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Кадыракунов