Редакцияот 05.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казбек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы

 

2013-жылдын 5-апрели № 6

Айыл өкмөтүнүн 2012-жылга жасаган иштери

2013-жылга жасала турган иштердин отчету жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн 2012-жылга жасаган иштери 2013-жылга жасала турган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абылгазиевдин отчетун угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абылгазиевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын .

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абылгазиев төмөнкүлөргө көңүл буруусу тапшырылсын:

 Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен иштөөнү жакшыртуусу;

Ар бир кызматкер арыз менен кайрылгандарга жана оозеки кайрылууга убагында жооп берүүсү;

 Жарандарга берилип жаткан огороддор боюнча тактап чыгуусу;

Соц.тармактын ишин жакшыртуу боюнча дагы бир кызматкер алууну ойлонуштуруусу;

Инвестиция боюнча эки айылга теңдеп бөлүүнү уюштуруусу.

  3.Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин төрагасы, мен Б.Аттокуров өзүмө калтырамын.

 

Казбек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Аттокуров